Биз менен байланышыңыз

Президент Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу: Сөзгө чоркок, бирок иштин көзүн билет

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 663 | 1

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иш-аракети боюнча пикирин билдирди.

«Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы, жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо, сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду», — деди президент .

Ошондой эле ал Эдил Байсаловдун пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу демилгесине токтолуп, азырынча ал боюнча мыйзам долбоору даярдала электигин, тынчсызданууга шек жок экенин айтты.

1 пикир

1 пикир

  1. Баел

    25.04.2022 19:43

    Өтө туура берилген баа. Бейшеналиев эл үчүн деген ою басымдуу. Суйлогондо да ток этер жерин айтып кээ бирөөлөргө жакпайт. Медицинада жылыш чоң.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM