Биз менен байланышыңыз

Президент: Мигранттар жапырт кайтып калышса, бир айласын табарбыз

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 1716 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде Орусия-Украина маселеси тууралуу суроого жооп берип, Кыргызстан бейтарап позициясын сактай турганын айтты.

Андан сырткары Кыргызстан эки тарап менен тең СССРдин курамында 70 жыл бир үй-бүлөдөй болуп жашаганын эске салды.

Жапаров эки тарап тең президенттерин адашууга алып барышканын, ортого от жаккан тараптар да согушту токтотконго күч жумшагандын ордуна күчөтүп жатышканын айтты. Президенттин пикиринде, Минск келишимин аткаруу керек болчу.

«Албетте, эки тараптан тең адамдар кырылып кеткени жалпыбыз үчүн эле трагедия болуп жатат. Согуш болбосо, жакшы болмок. Согушту болтурбай коюуга эки тарапта тең мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ортодогу эки тарапка тең маалымат ташыгандар туура эмес маалыматтарды беришип, согуш башталып кетти. Биз кичинекей эле мамлекетпиз. Таасирибиз деле жок. Бир тарабын колдой койсок эле алар жеңип кетмек беле», — деди Жапаров.

Эгер Орусиядагы кырдаал өзгөрүп, ал жакта миграцияда жүргөн мекендештер жапырт Кыргызстанга кайтып калса, бир айласы табыларын да кошумчалады.

«Башка түшсө — байтал жорго» дейт. Ал жагын деле ойлонуштуруп жатабыз. Кокус массалык түрдө кайтып калышса, бир айласын табарбыз», — деди президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM