Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Мен жыргал жашоого көнгөн эмесмин жана самабайм

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 2540 | 0

Президент Садыр Жапаров мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салына баштаган административдик имарат боюнча «Кабар» агенттигине берген маегинде түшүндүрдү.

Президент жыргал жашоого көнбөгөнүн, жөнөкөй жерде деле олтуруп алып иштей бере турганын айтты.

«Негизи мен жыргал жашоого көнгөн эмесмин. Мындан ары деле жыргал жашоону самабайм. Айрым ою бузук адамдар айтып жаткандай, «менин отурган жерим укмуш болушу керек, жашаган жерим андан да укмуш болушу керек» деп салып жатканым жок. Жөнөкөй жерде олтуруп алып деле иштей берем. Негизи ар бир кабыл алган чечимим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса дейм. Баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Убакыт өткөндөн кийин унутулабыз. Ал эми жасап кеткен иштерибиз, салып кеткен имараттарыбызды келечек муун дайыма эстеп, атыбызды атап жүрүшөт. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат», — деген ал.

Ошондой эле ал имарат Бишкектин борборун автотыгындардан бошотуу максатын да көздөй турганын билдирген.

«Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат. Ал имаратты биз 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат. Ошентип, күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз. Буга да мамлекеттин накталай акчасы кетпейт. Министрликтердин азыркы олтурган имараттарына алмашуу жолу менен эле салып коёбуз. Өзүбүздүн ата мекендик куруучулар эле салып коюшат», — деген Жапаров.

Садыр Жапаров: Дүйнөлүк саясатка баш тыгып эмне кылабыз?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM