Connect with us

Баткендик апа ажылыкка топтогон акчасына көпүрө салып берди (видео)

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 1683 | 0

Баткен облусундагы Кадамжай районунун тургуну Нурхан Кочкорова Кызыл-Булак айылы менен Гайрат айылын бөлүп турган сууга көпүрө салып берди. Анын ачылышы 24-апрелде өттү.

Пенсионер апа көпүрөнү ажылыкка барам деп топтоп жүргөн акчасына салдырган.

«Жолдошум 43 жашында каза болуп калган. «Ага түбөлүк сооп жетип турсун», — деп өз каражатымдан көпүрө куруп берүүнү ниет кылдым эле. Ажыга барсам өзүм үчүн гана барат экем. Мен көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасагым келди», — деди апа.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM