Connect with us

Президент «Манас» үчилтигин даңазалоо боюнча жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 23 Апр 2022 | 870 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ( «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлык улуттук маданиятты өнүктүрүү, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасты сактоо жана жайылтуу, элдик оозеки чыгармачылыкты дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга кам көрүү максатын көздөйт. Ошондой эле анын алкагында «Манас» үчилтигин жана башка эпосторду кийинки муундарга заманбап технологиянын жардамы аркасында жайылтуу, эпосту жаңы жагдайда иликтөөгө алуу, жаш муунду руханий жактан тарбиялоодо, кыргыз элинин биримдигин чыңдоодо «Манас» эпосундагы баалуулуктарды пайдалануу сыяктуу бир катар чаралар ишке ашырылат.

Жарлыкты аткарылышына кам көрүү, шарт түзүү мамлекеттик жана муниципалдык, жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлдү. Анын негизинде Министрлер кабинети 1-сентябрга чейин «Манас» эпосун изилдөө жана даңазалоо боюнча концепцияны жана аны жүзөгө ашыра турган планды иштеп чыгышы керек.

Андан тышкары Боз-Бөлтөк тоосуна «Манас төр» скульптуралык жана тарыхый-архитектуралык корук макамы берилип, атайын корук уюштурулат.

Улуттук мурас тизмесине кирген объектилер кайрадан такталып, илимий, тарыхый жана академиялык баалоо жүргүзүлөт.

«Манас» эпосу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү» долбоору жазылып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

«Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясынын алдында Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын илимий-изилдөө институту түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM