Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль алды.
Финалда жапон кыз Нонока Озаки менен бет келип, 9:1 эсебинде жеңилип калды. Айсулуу бутунан жаракат алып калганына байланыштуу беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болушту.
Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн менин Азиянын бешинчи жолку чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүм бар эле.
Колумдан келген аракетти жасадым. Эки жолку кармашта утуп, финалга да жеттим. Бирок, тилекке каршы, чечүүчү мүнөттөргө келгенде жаракат алып калдым. Профессионалдуу спортто мындай учурлар болот экен.
Өтө көп жазганга шартым болбой турат. Бирок, ошентсе да колдоолор үчүн чоң рахмат! Колдоолорду мен ар дайым сезип келем жана дал ошол колдоолор мага дем берет.
Менин эң негизги мотивация жана эргүү алуучу булагым — силерсиңер!», — деп жазган Тыныбекова.