Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев финалдык баскычка өттү.
70 кг салмактагы Эрназар Акматалиев чейрек финалда индиялык Навин Навинди 6:3 эсебинде, жарым финалда монголиялык Темулен Энцтуйаны 12:6 эсебинде утуп алды.
Эми ал финалда япониялык Тайши Нарикуни менен күрөшөт. Финалдык беттештер бүгүн саат 16:00дө башталат.
Айта кетсек, 19-апрелде башталган күрөш боюнча Азия биринчилиги эртең, 24-апрелде эркин күрөш менен жыйынтыкталат.
Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 4 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль бар.