Биз менен байланышыңыз

Таалатбек Масадыков беш өлкөдө жумушчу сапары менен болду

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 419 | 0

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Өзбекстан, Пакистан, Ооганстан, Иран жана Бириккен Араб Эмираттарында жумушчу сапар менен болду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында 7-апрелден 20-апрелге чейин бул өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, эл аралык эксперттер менен жолугушуулар жана кеңешмелер өткөн.

Анын максаты аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүн, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча коркунучтарга жана тобокелдиктерге байланышкан маселелерди талкуулоо болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM