Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы жолдордун 7 миң чакырымы гана асфальтталган

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 344 | 0

Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясы бүгүн, 22-апрелде жолдордун абалы жөнүндө Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматын укту.

Министрдин орун басары Нурланбек Кайыңбаевдин айтымында, мекеменин карамагында 18,9 миң чакырым жалпы пайдалануудагы жол болсо, анын болгону 7 миң чакырымы асфальтталган, калганы шагыл.

Быйыл 590 чакырым жолду оңдоо пландалууда. Ага 7,6 млрд сом каралган.

Өлкөдөгү жергиликтүү маанидеги жолдордун 64%ы начар абалда. 2020-2021-жылы каржылоо жетиштүү болгон эмес. 2020-жылы коронавируска байланыштуу жолго бөлүнгөн бюджет 70%га кыскартылган.

2021-жылы бир топ каражат мурдагы карыздарды жабууга жумшалып, жол оңдоого болгону 1 миллиард сом бөлүнгөн. Учурда министрликтин кредитордук карызы 850 миллион сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM