Биз менен байланышыңыз

Кытайдан электрондук чылым ташыган аткезчи милиционерлер кармалды

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 259 | 0

Кытайдын электрондук чылымдарын Кыргызстанга жана бул өлкө аркылуу Орусияга аткез жол менен ташып жүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, Кыргызстандын жараны И.М.Н. жана Орусиянын жараны Э.Н.И. «чет өлкөлүк адамды коркутуп, 50 миң доллар талап кылды» деген шек менен кармалган. Текшерүү учурунда шектүүлөр мурда укук коргоо органдарында иштешкени маалым болгон.

Ошондой эле бул жарандар Кытайдын электрондук чылымдарын бажы жана салык төлөмдөрү жок, аткез жол менен Кыргызстанга, Орусияга ташып келип турушканы да аныкталган.

Кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Андан тышкары «Жунхай» базарынан бажы төлөмү жок ташылып келген 70 миң даана аткез электрондук чылым алынды. Алардын баасы болжолдо 200 миң доллар болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM