Биз менен байланышыңыз

Оор кылмыш жасап, качып жүргөн өзбек жараны Кыргызстандан кармалды

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 332 | 0

Өзбекстандан оор кылмыш жасап, качып жүргөн адам Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери шектүүнү кармап, текшерүүгө алышканда, анын буга чейин издөөдө жүргөн адам экени белгилүү болгон.

Өзбекстандын 1999-жылы туулган жараны Б.С. 2020-жылдын февраль айында айылдашын бычактап өлтүрүп, качып кеткен деген шек менен Фергана облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан изделип жаткан.

Ага Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (атайылап киши өлтүрүү) менен иш козголгон.

Кармалган шектүү Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM