Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 190 | 0

Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда илдеттен 11 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда коронавирустан 3 бейтап, үй шартында 26 адам дарыланууда.

Ооруканада дарыланып жаткан 3 бейтаптын абалы оор.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 371 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM