Биз менен байланышыңыз

Депутат болуу үчүн жогорку билимдин кереги жок. Мыйзам долбоору сунушталды

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 1436 | 0

«Жогорку Кеңешке талапкер болуу жана шайланып келүү үчүн жогорку билим болушу керек» деген ченемди алып салууну сунуштаган мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Бул демилгени депутаттар Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Улугбек Ормонов, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Марлен Маматалиев көтөргөн.

Алар Башмыйзамдын 24-беренесинин 3-пунктунда «бардык жаран бирдей укукка жана эркиндикке ээ» деп жазылганын, бирок учурдагы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 59-беренесинин 2-пункту Конституцияга каршы келип, адам укугун чектээрин айтышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM