Connect with us

Кыргызстанда кайсы адистиктерге суроо-талап көп?

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Апр 2022 | 743 | 0

Кыргызстанда башкаруучулук (менеджер) багытындагы адистиктерге, колл-борбор адиси, офис-менеджер, соода-сатык, банк сектору жана IT багыты боюнча жумуш орундар көп. Бул тууралуу Job.kg сайтынын директору Махабат Иманкулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Иманкулованын айтымында, учурда жумуш берүүчүлөр «тажрыйбасы жок» жаш адистерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүп бере баштады. Учурда Job.kg сайтында 35 000 резюме өз адистиги жаатында иш тажрыйбасы жок деп катталган.

Job.kg сайты 2004-жылдан бери жарандарга кызмат көргөзүп келет. Анда айына орточо 5000ден ашуун вакансия жайгаштырылат.

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талантбек Жекшенов, статистика боюнча Кыргызстанда жумуш издеген жарандардын жарымынан көбү жогорку билимдүү экенин айтат. Бирок алардын билими жана квалификациясы төмөн болгондуктан, жумуш берүүчүлөр издеген тажрыйбалуу адистер жетишсиз болууда.

«Мунун бир канча себеби бар: жарандар кесип тандоого кайдыгер мамиле кылат, кесипти туура эмес тандайт же билимди тереңдетип албай, чала адистикке ээ болушат. Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн Бишкек шаардык башкармалыгынын базасында кесиптик багыт берүү борбору ачылган, Бишкектеги бардык мектептер, билим берүү башкармалыгы менен биргеликте түзүлгөн график боюнча бүтүрүүчү класстардын окуучулары келип, жарым саат аралыгында өз алдынча  тесттерден өтөт. Тест ар бир баланын келечектеги жөндөмдөрүн аныктоо, кайсыл тармакка шыгы бар, баланын алдын ала келечектеги кесибине багыт берип, туура тандоосуна көмөк көрсөтөт», — деп кошумчалады Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талантбек Жекшенов.

Маектешкен: Азамат Дүйшеев

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM