Биз менен байланышыңыз

ИИМ иликтөө жасаган журналисттин жарандыгынан илинчек тапты

Саясат | 21 Апр 2022 | 894 | 0

Иликтөөчү журналист, Temirov Live каналынын негиздөөчүсү Болот Темировго дагы үч кылмыш козголду. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Темиров бул иштерди кесибине байланыштырат. Анткени 18-апрелде Temirov LIVE каналы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы боюнча иликтөө жарыялаган. Ал эми Бишкек шаардык милициясы журналистке буга чейинки козголгон ишин иликтөөдө анын жасалма документ колдонгону жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү да аныкталганын билдирген. Темировдун иши боюнча алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн Ички иштер министринин тергөө кызматы жана Бишкек шаардык милициясы журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда ички иштер министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси Бакыт Сейитов журналист Болот Темиров учурда козголгон иштин материалы менен таанышып жатканын билдирди.

«Ага карата түшкөн арыздын, фактылардын негизинде бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Биз, Ички иштер министрлиги, эч кандай саясатка кийлигишкен жокпуз. Арыз түштүбү, ошонун негизинде ар тараптуу тактоо, иликтөө жүргүзүп, анын негизинде кылмыш ишин козгоп, ал бүткөндөн кийин сотко жиберебиз. Андан кийин анын ишмердигине сот жооп берет. Эгерде ИИМдин кызматкерлери, тергөөчүлөрү кылмышты тергөөдө, тиешелүү иштерди жүргүзүүдө кемчилик кетирген болсо, же туура эмес тергеген болсо, анда ИИМди көзөмөлдөй турган прокуратура жана сот органдары бар».

Маалым болгондой, Болот Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөп, мыйзамсыз даярдоо) менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул ишти териштирүү учурунда айыпталуучунун башка да кылмыштуу жагдайлары белгилүү болгонун кабарлаган. Тагыраак айтканда, анын буга чейинки тергөөдөгү ишине Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (жасалма документ колдонуу) жана 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) да кошулган.

Болот Темиров Бишкек шаардык милициясына эки күндөн бери сурак берүүдө.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Болот Темировго козголгон кылмыштар боюнча тынчсызданып, кечээ ИИМге иштин чоо-жайы билүү боюнча өтүнмө жибергенин билдирди.

Анын айтымында, материалдын негиздемелери келгенден кийин Акыйкатчы институту өз баасын берет.

«Болот Темиров боюнча маалымат чыккандан кийин кечээ Ички иштер министрлигине «иштин чоо-жайы боюнча бизге маалымат бергиле» деген өтүнмө жибердик. Бизден: «Эмненин негизинде иш козголду? Ал иште Болот Темировдун макамы кандай?» — деген суроо-талап кетти. Анткени бул иштер кызматтык кылмыштар болуп жатпайбы? А Болот Темировдун ага кандай тиешеси бар? Бул ишке баа берүү үчүн суроо-талап жибердик, жооп алгандан кийин өз баабызды беребиз. Сөз эркиндиги, журналисттердин укуктук кепилдигинин сакталышы — акыйкатчынын эң биринчи приоритети». 

Бишкек милициясынын маалыматына ылайык, Болот Темиров жасалма паспорттору менен Кыргызстандын чек арасын 50дөн ашуун жолу мыйзамсыз кесип өткөн.

Журналист Семетей Аманбеков Темировго козголгон кылмыштарды түздөн-түз сөз эркиндигине болгон басым катары баалайт. Ал Темировго козголгон иштеги мыйзамсыз кадамдарды мындайча түшүндүрдү:

«Биринчиден, мамлекеттик органдар өздөрү паспорт беришкен. Анан «50 жолу Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн» деп жатышат: 50 жолу чек арачылар өздөрү өткөргөн. Экинчиден, канча жылдан бери бул маселе айтылган эмес. Эми эле иликтөөлөрүн чыгарганда, кандайдыр бир паракорлук схемаларды ачыкка чыгаргандан кийин гана ошол фактылар билинип калган деп жатат. Ошондуктан мен туура эмес болгон деп ойлойм. Үчүнчүдөн, бул кылмыш болуп саналган күндө да Кылмыш-жаза кодексинде «срок давности» деген бар. Ошол кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен. Кантип азыр тергөөчүлөр иликтеп жатат, мен аны түшүнбөй турам. Ошондуктан бул ишти түздөн-түз журналистке жана сөз эркиндигине басым деп ойлойм».

Ал эми журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов бул окуяны бийлигинен пайдаланып куугунтуктоо катары баалайт.

Анын айтымында, Болот Темиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулуна тиешелүү мыйзамсыз иштерди иликтегени үчүн куугунтукталып жатат.

«Азыр дагы үч кылмыш иши козголгон. «Кыргызстандын жарандыгын алдамчылык жол менен алгансың» деген айып коюшуптур. Бул — эч бир акылга сыйбаган жорук. Конституцияда да, кабыл алынган мыйзамдарда да кыргыздардын жеңилдетилген шартта жарандык алуусуна жол берилген. Ошол жол менен Болот Темиров Кыргызстандын жарандыгын алган болушу керек. Ага эч кандай айып таппай, мына ошол нерсе менен куугунтуктап жатышат».

Эске салсак, 20-январда Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө жарыялаган. 22-январда күч органдары Болот Темиров иштеген кеңсени тинтүүгө алышып, андан кийин өзүн кармап кетишкен. Ага чейин журналисттер иштеген жерге кирип келген беткапчан кызматкерлердин Болот Темировдун чөнтөгүнө баңгизат салып коюшканы айтылган. Экспертиза учурунда журналисттин канынан баңгизат табылган эмес. 23-январда ИИМдин имаратынын алдында Темировду бошотуу талабы менен тынчтык митинги өткөн. Ага журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар, жарандык активисттер катышкан. Ошол эле күнү ал өлкөдөн эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM