Connect with us

Чек арачылардан качкан аткезчинин унаасын дөңгөлөккө атып токтотушту

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 417 | 0

Баткен чек арасынан Тажикстандан Кыргызстанга аткез жүк алып өтүүгө аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Баткен районунун Өрүкзар тилкесинде кызмат өтөгөн чек арачылар Hyundai-Porter унаасын тосушкан. Айдоочу буйрукка баш ийбей качып, аскерлер дөнгөлөккө атып токтотушкан.

Унааны текшергенде ичинен 500 килограмм жаңгак, 560 килограмм нават, 1 миң 620 даана суусундук, 10 килограмм кыям — жалпы 1,5 тоннадан ашуун жүк табылган. Унаанын 33 жаштагы У.К. аттуу айдоочусунда жүккө тиешелүү документтер, алып өтүүгө уруксат кагаз жок болгон.

Айдоочу жүгү менен кошо андан аркы чараларды көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM