Биз менен байланышыңыз

Жумабеков өкмөттү кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга чакырды

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 176 | 0

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков Казакстан менен чек ара бекеттериндеги импорт-экспорт мамилелерин ишке ашыруудагы кыйынчылыктарды көтөрдү.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жүк ташуучулар чек арадан өтүүдө бир топ кыйынчылыктарга туш болуп, бажы бекеттеринин алдында жумалап туруп калышат. Кырдаал жакында чечилет деп ишенебиз. Ошондой эле Талас районунун тургундары үчүн жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу гана ташуу жүргүзүлүп жаткандыктан, кыйынчылыктар жаралууда. Жергиликтүү тургундар «Кичи-Капка» өткөрмө бекетин жүргүнчүлөр үчүн ачууну суранышууда, анткени биринчи өткөрмө бекеттен өтө көп адам өткөндүктөн, эл жана унаалардын тыгыны жаралууда», — деди Дастан Жумабеков.

Ошондой эле жооптуу мамлекеттик түзүмдөргө бул маселени көзөмөлгө алып, чара көрүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM