Биз менен байланышыңыз

Исираилов: Кара-Кулжанын жолун шагыл менен жамап жатышат

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 228 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираилов бүгүнкү жыйында Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылына бараткан жолду оңдоо сапатсыз жүрүп жатканын билдирди.

Исираиловдун айтымында, бүгүнкү күндө Ылай-Талаа айылына бараткан асфальт жолду шагыл менен жамап жатышат.

«Мага ремонт иштери кандай жүрүп жатканы боюнча видео жиберишти. Анда асфальт жолду шагыл менен жамап жатышат. Эми ал жолдор эртең эле жамгыр жааганда эски абалына келип калат. Ошондуктан мындай иштерди Өкмөт жеке көзөмөлүнө алса», — деди Исираилов.

Ошондой эле ал Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна убагында сейил бак курулуп, бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай келгенин сынга алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM