Биз менен байланышыңыз

Улукбек Ормонов: Капиталдык салымдарга бир тыйын бөлүнө элек

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 336 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов бүгүнкү жыйында май айы болуп жатса да, титулдук листтер бекитиле элегин сынга алды.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин курулуш тармагы, таза суу жана башка тармактар боюнча капиталдык салымдарга бир тыйын бөлүнө элек.

«Капиталдык салымдарга бир тыйын бөлүнө элек. Эмне болуп жатканы түшүнүксүз. Акча бар деп айтып жатабыз, бирок ал акчалар эмнеге кармалып жатат? Эмне үчүн бөлүнбөй жатат? Ошол эле ар бир райондун өнүктүрүү фонддоруна бүгүнкү күнгө чейин акча бөлүнбөптүр. Мен мисал катары айтып коёюн, Өзгөн районунун Шоро-Башат айылын таза суу менен камсыз кылууга өткөн жылы бюджеттен 24 млн сом бөлүнгөн. Анын 11 млн сому колдонулуп, артканы калган болчу. Ошону бүгүнкү күнгө чейин бербей жатышат. Ушундай эле маселе, Бостон айылын таза суу менен камсыз кылуу боюнча тендер өтүп, утуп чыгышкан, бирок бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат», — деди ал.

Мындан сырткары ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, аталган маселелерди ылдам чечүүгө чакырды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM