Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков: Акжол Махмудов акыреттик досум (видео)

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 2040 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта алтын медаль тагынган Жоламан Шаршенбеков финалдык беттеш ийгиликтүү болгонун билдирди.

Анын айтымында, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын командасы Азия чемпионатына катуу даярдык көргөн.

«Грек-рим күрөшүнө, спортко өмүрүбүздү арнап келе жатабыз, ушуну менен эле токтоп калайбыз. Кудай буюрса, Олимпиадаларга катышып, көп жолу олимпиадалык чемпион болобуз деген үмүттөбүз», — деди ал.

Ошондой эле ал Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 63 кг салмакта чемпион болгон Тынар Шаршенбеков бир тууган агасы экенин айтып, күрөшкө келүүсүнө агасы себепчи болгонун белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Мындан сырткары ал Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта алтын медаль тагынган Акжол Махмудов акыреттик досу экенин белгилеп, досу дайыма ага дем бере турганын кошумчалады.

Жоламан Шаршенбеков алгачкы беттешинде монгол балбаны Балжинням Цевенравданды 8:0 эсебинде, жарым финалда казак балбан Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде утуп алган. Финалда Ирандын балбаны Мехди Мохсен Нежадды 4:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, Азия чемпиону аталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM