Биз менен байланышыңыз

Түркия Украинанын коопсуздук боюнча кепилдигин алууга азырынча макул эмес

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 496 | 0

Түркия Украина президентинин НАТОнун келишиминдеги 5-беренеси боюнча коопсуздук кепилдигин берүү талабына азырынча макул эмес. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер мнистри Мевлүт Чавушоглу CNN Turk телеканалына берген маегинде билдирди.

Чавушоглу Киевдин өтүнүчүн тактоо керектигин айтат.

«Ал эмне жөнүндө экени айкын болмоюнча эч кандай кепилдик болушу мүмкүн эмес. Владимир Зеленский НАТО келишиминин 5-беренесине окшош пункт керек экенин айтты. Бул сунушту эч бир өлкө кабыл алган жок. АКШ, Улуу Британия жана Канада да аны кабыл албайт. Албетте, Түркия да муну кабыл албайт. Негизи мындай кепилдиктерге эч ким каршы эмес. Бирок алардын шарттары так болушу зарыл. Зеленскийдин өтүнүчүндө келишимдин шарттары так көрсөтүлгөн эмес», — деди түрк дипломаты.

НАТОнун коопсуздук кепилдиги боюнча келишиминин 5-беренесинде: «Эгерде альянска мүчө мамлекеттердин бирине кол салуу болсо, ал альянстын бардык өлкөлөрүнө кол салууга барабар деп эсептелет», — деп жазылган. НАТОнун тарыхында бул берене бир жолу колдонулган. Тагыраак айтканда 2001-жылдын 11-сентябрь күнү АКШга каршы террордук чабуулдан кийин НАТО келишиминин 5-беренеси күчүнө кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM