Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Эмен бактагы жерлерди акимдер мыйзамсыз сатып ийишкен

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 511 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева бүгүнкү жыйында Бишкектин Республика жана Жеңиш көчөлөрүндөгү эки парктын эки гектарга жакын жери мыйзамсыз сатылып кеткенин билдирди.

«Ошол эки паркта миңдей бак-дарак бар, 70 жылга жакын тарыхы бар. Ушул парктын ичиндеги жерлерди акимдер Ататүрк паркындагы жерлерди саткандай кылып, сатып жиберишиптир. Бул боюнча эл нааразычылыгын билдирип, эч кимге берилбөөсүн талап кылууда. Мен аларга: «Коё тургула, мэр жаңы алмашты», — деп кайрылуу кылгам», — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле ал Бишкек шаарынын мэрине кайрылып, бул маселеге көңүл бурбаса, алдыда ызы-чуу жаралышы мүмкүн экенин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM