Биз менен байланышыңыз

Чынгыз Ажибаев: Өкмөттүн Баткенди өнүктүрүү боюнча программасы жок

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 233 | 0

Министрлер кабинетинин Баткен облусун өнүктүрүү боюнча бир да программасы жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев бүгүнкү жыйында билдирди.

«Мен буга чейин Баткен облусун өнүктүрүү боюнча программасын сурандым эле, тилекке каршы, 1,5 айдан бери жок. Өкмөт мындай кыймыл-аракети менен бир гана элдин талабын эмес, президенттин сөзүн да четке кагып коюп жатышат. Менимче, өнүктүрүү боюнча бир да программасы жок болгондуктан, жооп бере албай келишет. Акылбек Жапаров бюджетти кабыл алып жатканда, Баткен облусуна 500 млн сом бөлөбүз деген. Мындан бир да кабар жок, эл буга жооп күтүп жатат», — деди ал.

Ошондой эле ал кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир да жолу барып кабар албаганын сындады. Анын айтымында, Лейлек районунун тургундары өздөрү эвакуация болуп, бензин таппай кыйналышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM