Биз менен байланышыңыз

«Ынтымак» фракциясы пенсиядагы аскерлердин иштөөгө тыюу салуу сунушуна каршы

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 1312 | 0

Аскер кызматкерлеринин бир эле учурда пенсия да, айлык да алуусуна тыюу салуу боюнча Социалдык фонддун берген сунушуна «Ынтымак» фракциясы каршы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Ачык эле айтайын Соцфонд мындай демилге менен бизге келбей эле койсун, биз мындай реформаны эч качан колдой албайбыз. Биз аскерлерди колдошубуз керек, а биз тескерисинче кордогонго алып барып жатабыз», — деди ал.

11-апрелде парламентте Кыргызстандын пенсиялык системасын реформалоо талкууланган. Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева жаңы өзгөрүүлөрдү кабыл алууну сунуштап, аскер кызматкерлери катардагы жарандарга караганда пенсияга кыйла эрте, болжолдуу 40-42 жашында чыгып, ошол эле убакта ишин да уланта берерин белгилеген.

Соцфонддун башчысынын орун басары Орусия жана Казакстанды мисал келтирип, бул өлкөлөрдө аскер кызматкерлерине пенсия кызматынан кеткенден кийин гана төлөнө турганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM