Биз менен байланышыңыз

КР эл артисти Элмирбек Иманалиевге эстелик тургузулду (сүрөт)

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 956 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, жазма акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиевдин кабырына эстелик коюлду.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, белгилүү коомдук-маданий ишмерлер, замандаштары катышып, ак таңдай акындын чыгармачылыгын, өмүр жолун эскеришти.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай төкмө акын, жазма акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Төрт жашынан тамга таанып, 7 жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармониянын алдындагы эки жылдык студияны, кийинчерээк Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тарта аралашып баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштын баш байгесин алган. Бүтүндөй Борбор Азияга аты белгилүү төкмө акын болгон. Мындан тышкары мыкты обончу, дастанчы, манасчы, актёр, жазма акын катары да калың журтка таанымал. 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында дүйнөдөн кайткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM