Биз менен байланышыңыз

Марска учуу үчүн билеттин баасы канча? Илон Масктын жообу

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 515 | 0

SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Марска учууга бир тараптуу билеттин баасы болжол менен 100 миң доллар болорун айтты. Бул тууралуу Business Insider басылмасы жазды.

Илон Маск баалар экономикалык кырдаалга жараша өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирет. Ал Марска саякаттоо көпчүлүк үчүн жеткиликтүү болушу керек деп эсептейт.

«Дээрлик ар бир адам иштеп, үнөмдөп, 100 миң долларга ээ боло алат», — дейт ал.

Маск жакынкы он жылда Марста шаар куруу үчүн миллионго жакын адамды жиберүүнү пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM