Connect with us

Эдил Байсалов Жумгал районунун жолун көрүп кайтты

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 264 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарында Жумгал районунун жолун асфальттоо иштери менен таанышты.

Анда жаан-чачындан улам жол салуу иштери токтоп калганы, ошондой эле кесипкөй жумушчулардын жетишсиз экени белгилүү болгон. Эдил Байсалов бул маселени чечүүнү, Нарын облусунун башка райондорунан да жумушчу күч тартууну тапшырды.

«Жакын аралыкта жолду реконструкциялоо иштери улантылышы керек. Министрлер кабинети тийиштүү маселелерди чечүүгө максималдуу түрдө көмөк көрсөтөт», — деп белгиледи Байсалов.

Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Жумгал, Ак-Талаа райондорунун жолу салынып бүтпөй жатканын айтып чыккан. Ал какшык иретинде өлкөдөгү тамтыгы чыккан жолдорго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ысымы берилиши керектигин айткан.

«Жумгал, Ак-Талаа райондорунун жолу качан оңолот? Барып эле 3-5 км жолду оңдоп кетишет, андай кыла берсе, бул жол 40 жылда салынып бүтөт. Ошол үчүн ал азыр мындай демилге көтөрүлүп жатат, «Жумгалдагы жыртылган, тамтыгы чыккан жолго Жапаровдун атын берели», — деп жатышат. Акылбек Жапаровдун аты ушундай жолго татыктуу болот. Мурда жаңы жолдорго ат берилип келсе, азыр тешилген жолдорго ысым берели. Бул — элдин демилгеси», — деп айткан Мирлан Самыйкожо.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM