Биз менен байланышыңыз

Ажылык сапарга баруу үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлүндү

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 258 | 0

19-апрелде Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Аравия чукул маалымат тараткандыктан, убакыттын тар экенин эскертүү менен 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тарта төлөмдөрдү жүргүзө баштайт. Бирок суммасы айтыла элек.

Ажылык сапардын төлөмдөрү беш күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт.

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:

  •  Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;
  • COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу;
  • Сауд Аравиясынын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.

Сауд Аравиясы чет элдиктерге ажылыкка барууга уруксат берди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM