Биз менен байланышыңыз

Милиция журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча үн катты

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 237 | 0

Бишкек шаардык милициясы журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча комментарий берди.

Маалым болгондой, Болот Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөп, мыйзамсыз даярдоо) менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул ишти териштирүү учурунда айыпталуучунун башка да кылмыштуу жагдайлары белгилүү болгон.

1996-жылдын 26-январында Болот Темиров 16 жашка толуп, Орусиянын жарандыгын алган. Аны 2002-жылдын 27-июнунда, 2007-жылдын 1-ноябрында, 2014-жылдын 25-февралында алмаштырган. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Москва шаардык башкармалыгы берген тастыктамада Болот Темировдун 4514 № 547576 сериядагы орус паспортун алганы, анын мөөнөтү учурда да жарактуу экени көрсөтүлгөн.

Журналист паспорт бөлүмүнүн жооптуу адамдары менен сүйлөшүп, 2008-жылдын 11-июлунда Кыргызстандын да паспортун алган. Ага Өзгөн шаардык аскер комиссариаты аскердик билет берген. Бирок Коргоо министрлигинин архивдик документтеринде Болот Темировдун аскердик билет алганы жана аскердик же альтернативалык кызмат өтөгөнү тууралуу бир да маалымат жок.

Ал ушул жасалма паспорттору менен Кыргызстандын чек арасынан 50 жолудан ашык өткөн.

Белгиленген фактылар боюнча юридикалык баа берүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (жасалма документ колдонуу) жана 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) менен кылмыш иштери козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM