Эрлан Жаманкулов Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун маалымат катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Эрлан Жаманкулов мурда Президенттин № 1 мамлекеттик резиденциясында иштеген.
Андан тышкары 2016-2020-жылдары «Кулатуу Эр таймаш» улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын басма сөз катчысы болуп эмгектенген.