Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Алиев тет-а-тет форматында жолугушту

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 251 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде Баку шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ильхам Алиев өз сөзүндө азербайжан тарап бардык багыт боюнча жигердүү кызматташууга умтуларын белгилеп, Садыр Жапаровдун сапары эки өлкө ортосундагы алаканы мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Азербайжандын президенти белгилегендей, бүгүн экономикалык кызматташуу, соода жүгүртүүнү жогорулатуу жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, көптөгөн документтерге, анын ичинде Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлуп, ал кыргыз-азербайжан мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрөт.

Президент Садыр Жапаров Ильхам Алиевге Азербайжанга расмий сапар менен келүүгө чакырганы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тарапты кызыктырган бардык тармакта кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин айтты.

Тет-а-тет жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген курамда улантат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM