Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев жолугушту

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 191 | 0

Бүгүн, 20-апрелде Азербайжандын Баку шаарындагы «Загулба» президенттик сарайында Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген. Саламдашуудан соң мамлекет башчылары Ардак кароолдун алдынан өтүштү.

Кыргызстан менен Азербайжандын гимндери жаңыргандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң Ардак кароол салтанаттуу параддан өттү.

Расмий жолугушуу аяктаган соң өлкө лидерлери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM