Биз менен байланышыңыз

Парламент 2020-жылдын бюджети жөнүндө отчётту бекитпей койду

Саясат | 20 Апр 2022 | 540 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчётту бекитүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, кайрадан комитетке жөнөтүлдү. Депутаттар 2020-жылы каржылык мыйзам бузуулар көп болгондуктан, бюджеттин аткарылышын бекитүү жоопкерчиликти талап кыларын айтышып, бул боюнча тиешелүү органдар иш алып барышы керектигин белгилешти. Ошол эле учурда тиешелүү комитетти атайын сунуштар менен келүүгө чакырышты. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчётту бекитүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Баяндамачы Дастан Бекешевдин айтымында, бюджет бир топ ката менен бекилип, текшерилбеген.

2020-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында көптөгөн жетишпестик аныкталганын, анын жалпы көлөмү 43 млрд сомдун тегерегинде болгонун Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков билдирди.

«Текшерүү башталганда эле мыйзамдын өзү туура эмес экенин жүйө келтирип, 19,7 млрд сомун текшерүүдөн баш тартканбыз. Анткени тиркемелерде башкача, мамлекеттик бюджет боюнча мыйзамда башкача жазылып, дал келбестик болгон. Биз мыйзамдын аткарылышын текшеребиз. Калган мыйзам бузуунун ичинен кредитти 17 миллиардга ашырып жазышкан. Ошол боюнча сиздерге отчётко келген. Муну оңдошуп, ордуна коюшту. Сиздерге да кат жүзүндө жиберилген». 

2020-жылдын бюджетинин аткарылышын бүгүн кароонун өзү мыйзамсыз экенин депутат Адахан Мадумаров  айтып,»Бюджеттин аткарылышын бекитпей койсок эмне болот?» — деген суроо салды.

Ага жооп катары финансы министринин орун басары Мэлс Аттокуров 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчёт бербей коюу мыйзам бузуу боло турганын айтып,  бүгүнкү күндө 4 млрд 900 млн сомду кайтарууга аракет жасалып жатканын билдирди.

«Отчётту тапшырбасак, мыйзам бузган болобуз. Бүгүнкү күндө Эсептөө палатасы көрсөткөн мыйзам бузуулардын баары калыбына келди. Бүгүнкү күндө болгону 4 млрд 900 млн сомду кайтаруу боюнча иш план түзүп жатабыз. Быйыл болбосо кийинки жылы министрликтер аркылуу ошол сумманы кайтарып беребиз. Бул акча желип же мыйзамсыз иштелип кеткен жок. Аталган сумма бекитилген бюджеттин алкагында гана чыгымдалган».

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов отчётту бекитпей койсо эмне болорун мындайча түшүндүрдү:

«Эгерде бюджетин аткарылышын кабыл албасак, анда отчёт кабыл алынбайт. Тиешелүү адамдарга чара көрүү менен прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жиберилет. Чечим ушундай  болот. Бирок бизге ал үчүн тактап, талдоо керек болот. 4 млрд 900 млн сом боюнча канча кылмыш иш козголду, канчасы кайтарылды, ошого карата токтом долбоорун токусак, ошого жараша чечим кабыл алсак». 

Башкы прокуратуранын өкүлү мыйзамсыз каржылык иштер боюнча толук маалымат бере алган жок. Жыйынтыгында депутаттардын сунушу менен мыйзам долбоору кайрадан комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM