Биз менен байланышыңыз

2020-жылы 23 млрд сом каржылык мыйзам бузуу аныкталган

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 196 | 0

2020-жылы 23 млрд сом каржылык мыйзам бузуу аныкталып, чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Эсептөө палатасынын өкүлү Айлимжан Байзаков билдирди.

Анын айтымында, аталган сумманын 17 млрд 480 млн сому Каржы министрлиги тарабынан ордуна кайтарылды. Бүгүнкү күндө 4 млрд 900 млн сому аткарылбай турат.

«4 млрд 900 млн сом жаратылышыты коргоо жана аймактарды өнүктүрүү үчүн бөлгөн «Кумтөрдүн» каражатын Каржы министрлиги ордуна коюушу керек» , — деди ал.

Депутат Адахан Мадумаров: «2020-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышын бекитпей койсок эмне болот?» — деген суроо салды.

Бирок анын суроосу жоопсуз калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM