Connect with us

Бишкек мэриясы көчөдөгү жарнак такталарды аукционго койду

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 333 | 0

Бишкек мэриясы жарнак такталарды, жарнак мамыларды, муниципалдык менчиктеги турак эмес жайларды онлайн-аукционго чыгарды. Аларды соодалашып, ижарага алуу 11-12-майда өтөт.

Тактап айтканда, бир жылдык мөөнөткө ижарага берүү үчүн 25 жарнак такта, 13 мунипалдык имарат аукцион аркылуу сатылат.

Ошол эле учурда дагы 7 муниципалдык объект боюнча аукцион 25-апрелде башталат.

Аукционго etp.okmot.kg сайты аркылуу катышса болот. Кенен маалымат алуу үчүн 0312 45-44-14 номуру иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM