Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн мындан ары президент өзү аныктайт

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 202 | 0

Бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» мыйзамдын жоболорун Конституцияга ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда Президент Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт деп белгиленген. Ага ылайык, мыйзамдагы Коопсуздук кеңешинин курамы каралган ченемди алып салуу сунушталууда. Анткени Коопсуздук кеңешинин курамы президент тарабынан түзүлөт. Ошону менен бирге мыйзам долбоорунда ыкчам чечимдерди жана башка кечиктирилгис мүнөздөгү чечимдерди кабыл алууну талап кылган улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү маселелерди кароо үчүн Коопсуздук кеңешинин оперативдик жана жумушчу кеңешмелерин өткөрүү мүмкүндүгү белгиленүүдө», – деди ал.

Ошондой эле ал мыйзам долбоорун үч окууда бир кабыл алып берүүнү суранды.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков мурдагы мыйзам долбоорунда Коопсуздук кеңешине кимдер мүчө боло турганы так көрсөтүлүп келгенин, жаңы мыйзам боюнча ал жок болуп, мамлекет башчысы өзү түзө турган болсо, алдыда жакпаган адамдардын киргизбей коюу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Ошондой эле ал жок дегенде Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү боюнча минималдуу тизмени калтырууну сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM