Ушул жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча, бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 14.2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
2021-жылдын I кварталы менен салыштырганда түшүүлөр 5.8 млрд сомго көбөйгөн, же өсүү темпи 168.3%ды түзгөн.
Министрлик тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 109.2% аткарылган же 1.2 млрд сомго көп чогултулган.