Connect with us

Wildberriesке катталууну кыргызстандыктар үчүн жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 180 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экспортко багытталган ишканалардын жана IT компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда «Лейлек» жана «Бишкек» эркин экономикалык аймактарын өнүктүрүү маселелери, бөтөлкөдөгү сууну маркировкалоо, жер казынасын пайдалануу укугуна жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдардын ставкасын төмөндөтүү, эл аралык логистика, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

«Министрлер кабинети «жашыл», креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө багыт алды. Биз үчүн экспортту өнүктүрүү, өнөр жайды чыңдоо маанилүү. Алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетүү үчүн биз сиздер менен тыгыз кызматташууга умтулабыз», — деди Бакыт Төрөбаев.

Экономика жана коммерция министрлигине Wildberries маркетплейсте атамекендик жеткирүүчүлөрдүн катталуусун жөнөкөйлөштүрүү тапшырма берилди. Мындан тышкары, Кыргызстанга келүүчү IT адистерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM