Connect with us

Сулайманов: Кээ бир министрлерге телефон чалсам, жооп бербей жатат

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 194 | 0

Кээ бир министрлерге телефон чалсам, жооп бербей жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депудаты Кундузбек Сулайманов бүгүнкү жыйында билдирди.

Ал министрлерден керектүү маалыматтарды алууга мүмкүн болбой калганын айтты.

«Буга чейин президент Садыр Жапаров: «Министрлерди көп убара кылбай, орун басарларын чакыргыла», — деп суранган. Биз анын пикирин сыйлап, кээ бир маанилүү маалыматтарды телефон аркылуу алалы десек, кээ бир министрлер жадагалса телефонго жооп бербей жатат. Мына ошолорго көңүл буруп койсоңуздар», — деди ал.

Ошондой эле ал Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, телефондорго жооп берип жүрүүсүн суранды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM