Connect with us

Ички иштер министри Ниязбеков Түркиянын вице-президенти менен жолугушту

Без рубрики | 20 Апр 2022 | 352 | 0

Анкарада Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн экономикалык, саясий жана маданий кызматташуусунун мындан аркы жолдору талкууланды.

Ошондой эле ушул жылы эки өлкөнүн президенттеринин төрагалыгы алдында өтө турган Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин отурумуна даярдануунун жүрүшүнө да токтолушту.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM