Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Үч бейтаптын абалы өтө оор

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 200 | 0

Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, илдеттен 10 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда коронавирустан 15 бейтап, үй шартында 33 адам дарыланууда.

15 бейтаптын сегизинин абалы орто оор, төртөөнүн абалы оор жана үчөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 982 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 351 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM