Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров Баку шаарына барды

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 473 | 0

Президент Садыр Жапаров түшкөн учак Азербайжандын борбору Баку шаарына конду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Аны Гейдар Алиев аэропортунан Азербайжандын премьер-министри Али Асадов баштаган өкүлчүлүк тосуп алды.

Садыр Жапаров расмий сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле Милли Межлистин төрайымы Сахиба Гафарова жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушары пландалган.

Өлкө башчысын Азербайжанга төмөнкү делегация коштоп кеткен:

– президенттин жубайы Айгүл Жапарова;

– тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

– Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;

– айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков;

– санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;

– транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;

– экономика министри Данияр Амангелдиев.

Copyright © 2017 Maral FM