Биз менен байланышыңыз

Орусия мектептерине тарых сабагы 1-класстан киргизилет

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 296 | 0

Орусиянын мектептеринде тарых сабагын окутуу 1-класстан башталат. Бул тууралуу агартуу министри Сергей Кравцов билдиргенин «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

«Биз тарыхый баалуулуктар сакталып калышы үчүн баарын жасайбыз. Андыктан мектептерге тарых сабагын 1-класстан баштап окутуу чечимин кабыл алдык», — деген ал.

Министр бул тарых деген предметти 1-класстарга да киргизүүнү түшүндүрбөсүн, башталгыч класстын балдары табият таануу сабагынын алкагында өзүнүн аймагы, туулган жери тууралуу талкуулап, музейлерге, көргөзмөлөргө барып турса болорун кошумчалап өткөн.

Айта кетсек, Орусия мектептеринде учурда тарых сабагы 5-класстан тарта окутулат.

Министрдин бул демилгесин Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков да кубаттап, жети жашар баланын кызыгуусу өтө жогору болорун белгилеген. Аны менен бирге акыркы чечимди жогорку бийлик кабыл алышы керектигин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM