Биз менен байланышыңыз

Украинада курчуган кырдаал: Согуш кышка чейин созулушу мүмкүн

Дүйнө , Саясат | 19 Апр 2022 | 1777 | 0

Бүгүн Орусия армиясы Донбасска чабуулун баштаганы айтылды. Ал эми кечээ таң эрте Львов шаарына төрт ракета учурулган. Орус армиясынын Украинага кол салганына эки айга чукулдап калды. Бул аралыкта Украинанын эң ири 10 шаары талкаланды; 5 миллионго чукул жараны качкынга айланды; 1400дөн ашык жай тургун каза болду. Ал эми айрым маалыматтарда орус армиясы 20 миңге чукул жоокерин жоготкону айтылууда. Учурда негизги салгылашуу Мариуполь жана Донбасста болуп жатат. Бул абал качанга чейин уланат? Орус-украин согушунун алдыдагы сценарийи кандай болот? Бул суроолорго жооп издеп көрдүк.

Орус-украин согушу дүйнөнү саясий жана экономикалык кризиске кептеди. Согуштун экинчи фазасы башталып, абал дагы да курчуду. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов Орусия Донбассты сөзсүз түрдө басып алып, андан кийин башка шаарларды каратууну көздөп жатканын айтты.

«Бүгүнкү күндө Орусиянын да, Украинанын да тагдыры чечилип жатат. Эгерде орустар жеңип чыкса, алар айтышат: «Биз мына чечиштик, биз менен ушундай сүйлөштү», — деп. «Мындан кийин Украинанын келечеги эгемен мамлекет катары болобу же болбойбу?» деген маселе пайда болот. А эгер украиндер жеңишке жетсе, анда постсоветтик өлкөлөрдө жаңы геосаясаттык кырдаал пайда болот, жаңы келечек, жаңы жолдор ачылат».

Ири державалар баштаган НАТО күчтөрү Украинага ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө. Тагыраагы, аскердик техника, каражат, Орусияга каршы санкцияларды киргизүү менен жардам берүүдө. Мындан улам эки өлкө ортосундагы согуш оңой жана бат бүтпөсүн, жакын арада аяктабасын кошумчалады Осмонбетов.

Эгерде Орусия Украинаны басып алса, Борбор Азияга аябагандай чоң таасир этет. Биринчи ирет Казакстанга жана башка өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстандын мамлекет катары өнүгүүсүнө, эгемендигине да коркунуч туудурат.

Саясат талдоочу Игорь Шестаковдун пикиринде, Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү согуш туткундарын алмашуу жана гуманитардык коридорлорду ачуу үчүн гана жасалып жатат. Анткени эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү олуттуу түшүнүшүүгө жете элек.

«Бул окуялар мындан ары кандай өнүгө турганын айтуу кыйын. Бирок так айтса болот, бир нече ай же жума жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Ушул жылдын аягына чейин биз эки өлкөнүн тирешине байкоо жүргүзөбүз деген ойдомун. Негизи орус аскерлери Донецк жана Луганск аймактарын толугу менен бошотуп, басып алуу боюнча аракеттерин ишке ашырат деген тыянак чыгарса болот. Орусия Украинанын чыгыш аймагын басып алууга кызыкдар болуп жатат», — дейт ал.

Учурда дүйнөдө жаңы түзүлүш, саясий кырдаал пайда болууда. Жакын арада жаңы геосаясий түзүлүшкө күбө болорубузду бир нече талдоочу белгилеп өттү.

Саясат таануучу Айбек Теңизбаевдин айтымында, Орусия үчүн Украинаны өзүнүн карамагына өткөрүп алуу өтө маанилүү болгон. Бирок Орусия жеңил ыкма колдонгондун ордуна, аскердик агрессиялык кадам жасап, Украинага басып киргени менен бардык тараптан уттурду.

«Бул жерде Орусия Украинага кирүү менен бардык тараптан уттурду десек жаңылышпайбыз. Окуя кандай гана өнүкпөсүн Орусия бул жерде утулгандардын тарабында болот. Анткени башындагы биринчи күндөрүн карасак, тез аранын ичинде саясий элитаны бийликтен кетирип, алардын ордуна орусиячыл бийликти орноштурганын көрдүк. Бирок бул максаты ишке ашпай калды. Себеби ал жерде бир гана Украина бийлиги эле эмес, жалпы эл Батыш баалуулугун сактап, Батыш дүйнөсүнө жакындоо керектигин терең түшүнүү менен кабыл алып, баары жан үрөп жатканы белгилүү болуп калды. Азыр Украина эли өз жерин тышкы күчтөрдөн коргоп жатат. Бул Украина үчүн Улуу Ата Мекендик согуш, алар Мекени үчүн өз жанын берүүгө даяр экени баарыбызга белгилүү болуп калды. Ошондуктан бул окуя алдыда кандай өнүкпөсүн, Орусиянын тарыхында кара тамга менен жазылып калат».

Белгилей кетсек, дүйнөнүн 141 мамлекети Орусияга каршы чыгып, «бул агрессия, туура эмес» деп эсептешүүдө.

Талдоочулардын айтымында, геосаясаттагы 1,5 айдын жыйынтыгында Орусиянын эл аралык аброю кыйла төмөндөп кеткенин көрсөттү. Бул согуштун натыйжасында Украина сөзсүз экономикалык, менталдык, маданий жагынан Батышка толук ыктап калат.

Бир канча саат мурун Орусия Украинанын Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» заводуна чабуул баштаганы айтылды. Украина бийлиги ал жерде жаш балдар жана аялдар баш калкалап жатканын айтып, аскерлер артка чегинбей турганын билдирүүдө. Эксперттердин пикиринде, Орусия эгер Мариуполь шаарын колго алса, анда согуштун сценарийинде дагы бир топ өзгөрүүлөр болот деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM