Connect with us

Мигранттардан канча акча которулганы айтылды

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 266 | 0

Быйыл январь-февраль айларында чет жактарда жүргөн эмгек мигранттары Кыргызстанга 364,7 млн доллар которду. Бул 2021-жылдын эки айына салыштырмалуу 36,1 млн долларга көп. Маалыматты Улуттук банк жарыялады.

Февраль айында мигранттар Кыргызстанга 187,6 миллион доллар которгон, бул бир ай мурдагыдан 10,5 миллион долларга көп.

Акча которуулардын 97%дан ашыгы, тагыраагы, 354,08 миллион доллары Орусияга туура келет.

Башка мамлекеттерден 1,76 млн доллар, АКШдан 7,5 миллион доллар которулган.

Ошол эле учурда февраль айында 41,1 млн доллар каражат өлкөдөн чыгарылган. Акчанын негизги бөлүгү 39,5 миллион доллары Орусияга чыгарылган. Эки айдын ичинде 75,45 миллион доллардын сыртка чыкканы байкалды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM