Биз менен байланышыңыз

Салттуу музыка жумалыгынын программасы

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 256 | 0

Кыргызстанда 20-25-апрель аралыгында салттуу музыка жумалыгы өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иш-чаранын программасын жарыялады.

20-апрель

10:00-18:00   

Уркуя Салиева атындагы эс алуу жайында «Улут наркы» көргөзмө-жарманкеси өтөт.

10:30-11:00

Уркуя Салиева  атындагы эс алуу жайында конкурстун ачылышы, чеберчилик сабактар.

11:30-17:30  

Улуттук тарых музейинде IX эл аралык музыка жана бий конгрессинин ачылышы.

21-апрель «Дастан» күнү

10:00-17:30  

Улуттук тарых музейинде IX эл аралык музыка жана бий конгресси. 2-күн.

11:00-12:00 

«Ата-бабадан мурас — акындык өнөр».

Улуттук тарых музейинде Кыргыз эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев шакирттерине чеберчилик сабак өтөт.

13:00-17:30  

И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында «Психосоматикалык медицина жана психология. Психосоматикадагы искусство синкретизми» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болот.

18:00-20:00    

Салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча Кыргыз улуттук «Манас» театрынын концерти.

Өтүү орду: Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры

22-апрель «Күү күнү»

09:30-17:30         

Улуттук тарых музейинде IX Эл аралык музыка жана бий конгресси, 3-күн.

11:00-12:00    

Улуттук тарых музейинде «Комуз чертүүдөгү кол ойнотуулар жана шилтемдер». КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, комузчу Саадабай Шабданов чеберчилик сабак көрсөтөтөт.

18:30-20:00      

Кайрат Иманалиев. «Коркут ата» драмасы.

Өтүү орду: Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры

23-апрель «Ыр күнү»

12:00-13:00

А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Тува, Алтай, Хакасия мамлекеттеринин салттуу музыкалык искусствосун алып жүрүүчүлөрүнүн чеберчилик сабактары.

13:00-15:00 

А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында «Салттуу музыканын окуу жайларда окутулушу» аталышындагы тегерек үстөл.

18:00-20:00   

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында музыкалык окуу жайлардын отчёттук концерти.

24-апрель

14:00-17:00:

Жумалыктын  алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген катышуучуларына Улуттук тарых музейине жана Чынгыз Айтматовдун үй музейине экскурсия.

25-апрель

Салттуу музыка жумалыгынын жабылышы

18:00-20:00   

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салттуу музыка чеберлеринин гала-концерти.

Бардык иш-чараларга кирүү акысыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM