Connect with us

Маалымат каражаттарынын тили менен жазуу маданияты талкууланды

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 315 | 0

«ЖМКларда жазуу эрежелеринин жана адабий тилдин ченемдеринин сакталышы» мониторинги талкууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын «2021-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасына «Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өндүрүмдөрүндө жазуу эрежелеринин жана адабий тилдин ченемдеринин сакталышы боюнча» мониторинг жүргүзүү милдети киргизилип, аны ишке ашыруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырылган.

2021-жылдагы мониторинг мамлекеттик жана жеке менчик 36 ТВ, 9 радио, 4 гезит — жалпы 49 ЖМКга жүргүзүлгөн. Ар биринин октябрь, ноябрь, декабрь айлары ичиндеги бир жумалык иши талдоого алынган.

Бүгүнкү өткөрүлгөн жыйында мониторингде аныкталган кемчиликтер, аларды жоюу жолдору талкууланды. Жыйынтыгында мыйзам бузууларды четтетүү боюнча атайын көзөмөл жүргүзүү, журналисттердин сабатын арттыруу үчүн курстарды уюштуруу чечимине токтолушту.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM