Биз менен байланышыңыз

Төрт айда 113 миң унаа текшерилип, 2,6 млн сом айып салынды

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 174 | 0

2022-жылдын биринчи кварталына карата 113 миң 970 транспорт текшерилип, 2 млн 601 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-чен көзөмөл департаментинин директору Шухрат Айтиев бүгүнкү Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, 2021-жылы жалпысынан 501 миң 262 автоунаа текшерүүдөн өткөрүлгөн. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 26%га өскөн. Анын натыйжасында 3067 административдик бузуулар жөнүндө протоктол түзүлүп, бул көрсөткүч да 2020-жылга салыштырмалуу 27%га өскөн.

2021-жылы жалпысынан бузуулар боюнча 14 млн 435 миң сом айып салынып, 2020-жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйгөн.

2021-жылдын 31-декабрына карата өндүрүлгөн айып пулдун өлчөмү 7 млн 187 миң сомду түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM