Connect with us

Транспорттук ишмердик жүргүзүүгө өткөн жылы 17 миң лицензия берилген

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 385 | 0

Транспорттук ишмердик боюнча 2021-жылы 11 млн 503 миң 500 сомго 17 миң 367 лицензия берилген. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 2 миң даанага көп. Мындай маалыматты Автомобиль, суу транспорту жана салмак-чен көзөмөл департаментинин директору Шухрат Айтиев бүгүнкү Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Айтиевдин билдирүүсүнө ылайык, 2020-жылы 15 миң 483 лицензия берилген. ал эми 2022-жылдын биринчи кварталына карата 3860 лицензия берилген.

Лицензиялык төлөмдөрдүн өлчөмү 2 млн 493 миң 500 сомду түзүп, мамлекеттин бюджетине которулган.

Өлкө аймагы боюнча 1883 калктуу конуштун 1662си маршруттук каттам менен камсыз болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM