Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасында айдоочулар суткалап кезек күтүүдө

Коом , Саясат | 18 Апр 2022 | 1428 | 0

Кыргыз-казак чек арасында топтолгон жүк ташуучу унаалар 10 күндө 400дөн ашты. Айдоочулар суткалап кезек күтүп, ПЧР-тесттин мөөнөтү өтүп, ысыкта жеткириле турган азык-түлүктүн сапаты бузулууда. Даараткана жана тамактануучу жайдын жоктугу да унаа ээлерин кыйноодо. Тиешелүү органдар казак тарап милдеттенмелерин аткарбай жатканына байланыштуу унаа тыгын пайда болуп жатканын айтышты. Айдоочулардын абалы менен жеринен таанышып кайттык.

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 300гө чукул жүк ташуучу унаанын 400дөй айдоочусу Казакстанга кире албай турат. Арасында үч-төрт суткадан ашык күтүп жаткандар да, жаңы кирип жаткандар да бар. Айдоочулардын бири Өктөмбек Кадыров жарым күндүн ичинде 70 метрге гана алдыга жылганын айтат.

«Биз бүгүн таңкы саат 4тө эле келдик. Азыр саат түшкү 12 болуп калды. 70 метр араң жылдым. Мага чейин менин бир досум кеткен болчу, алар 3 сутка толук турду. Азыр эле сүйлөштүм, «Казакстанга эми өттүм», — деди. Себебин билбей жатабыз. «Өтө жай өткөзүп жатышат», — дешти. Анан да казак тарап түнү иштешпептир».

Дагы бир айдоочу Кутманали Маматов Оштон келген. Ал кезеги күнүнө бир чакырымдан жылып жатканын айтат. Айдоочуларга казак тараптан текшерүү катуу болуп, көп талаптар коюлууда.

Муздаткычы бар жүк ташуучу унаалар кошумча чыгымга учурап жатышат. Себеби унаанын ичиндеги муздаткыч күйүүчү май менен иштейт. Ошондой эле, жүк ташуучу унаалардын аккумулятору отуруп калбашы үчүн унааны тез-тез жүргүзүп туруу абзел.

«Азыр орозо маалы, баарыбыз орозобуз, шарт жок, дүкөндөр жок. Бирок кайрымдуу адамдар бар экен, ошолорго ырахмат, эки жолу тамак таратышты. Биздин маселебизди Тышкы иштер министрлиги чечип берсе жакшы болот эле. Айрымдарыбыздын товарларыбыз, мөмө-жемиштерибиз чирип баратат. Жүктүн ээлери да чалып жатышат. Өтө ыңгайсыз болууда. Мындай абал дүйнө жүзү боюнча эч жерде жок».

Көп айдоочу картошка, пияз сыяктуу жер-жемиштерди башка өлкөлөргө ташып бара жатышат. Алар картошка өнүп, чирип кетсе, жоопкерчилик өздөрүнө жүктөлөрүн айтып тынчсызданууда.

Ал эми айдоочу Икрам Ахметов Бишкектен Москва шаарына жүк ташып бара жатат. Ал казак тарап товарларды атайын рентгенден өткөрүп, унаанын ичине да коридор кылып берүүнү талап кылып жатышканын айтты. Жүк ташуучулардын айтымында, товарлардын ортосуна жол калтыруу мүмкүн эмес, анткени коридор жасалса, ташылып бара жаткан товар өзүн актабай калат. Айрыкча ПЧР-тесттин мөөнөтү бардык айдоочулардыкы өтүп кетип, кайра тапшыруу үчүн Бишкекке кайтууга мажбур болушууда.

«ПЧР-тестти шаардан тапшырып келгем. Бирок ал 72 саатка гана жарамдуу болот, тагыраагы, үч суткага. Мен бул жерде 4 күндөн бери кезек күтүп отурам. Эртең болжол менен менин кезегим келип калат. Ошондуктан азыр байкемди бул жакка чакырдым, ал унаамды кайтарып отуруп турса, мен Бишкекке барып, лабораториядан ПЧР-тест тапшырып келе калам. Бардык айдоочулар эле ушундай кылууда. Бир гана эмдөө алгандарга ПЧР-тест талап кылынбайт», — деди Ахметов.

Айдоочу Акылбек Абдиев Казакстандан Кыргызстанга өттү. Ал Казакстандан чыгууда эч кандай тоскоолдуксуз жана бат эле өтүп кеткенин айтат. Ал эми 10 күн мурун Кыргызстандан Казакстанга кирип бара жатканда эки жарым суткадай кезек күтүп, бир топ кыйынчылыктар менен өткөн.

«Кыргызстанга бат эле, эки сааттын ичинде өтүп келдим. Он күн мурун Казакстанга өтүп жатканымда көпкө кармашкан. Ал жерде беш этаптан өткөрүшөт: ПЧР-тест, паспорттук көзөмөл, салыктык текшерүү, ташып бара жаткан жүктү текшерүү, аларды рентгенден өткөргөнчө көпкө кармалып жатабыз. Себеби айтылбай жатат, билбей турабыз биз».

Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, өткөрүү пункттарында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышы казак тараптын документтерди жайыраак текшерип жатканына байланыштуу болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Азиз Эгембердиев үч күндөн бери кезек күтүп жаткан айдоочуларга ысык тамак берилип, жардам көрсөтүлүп жатканын маалымдады.

«Үч күндөн бери биздин министрлик кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болгонуна байланыштуу ысык тамак уюштуруп жатабыз. Үч тамак берүүчү пункт иштеп жатат. Ошондой эле түнү-күнү биздин пункттар иш алып барууда. Айдоочулар келип ысык чай ичип, печенье жеп кетип турушса болот».

Экономика министрлигинин тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Арслан Базиев ЕАЭБдин алкагында казак тарап кыргыз жүк ташуучуларына текшерүүлөрдү жүргүзбөшү керектигин айтты. Бирок казак тарап эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатканын белгиледи. Базиевдин маалыматында, алар мындай аракеттерине объективдүү аргумент айта элек.

«Казак тарап менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Акыркы жолу 16-февралда премьер-министрлердин деңгээлинде жолугушуу болуп, анда казак тарап кыргызстандык жүк ташуучуларга карата көзөмөл жана текшерүү чараларын жүргүзбөй турганы айтылган. Бирок буга карабастан, казак тарап кайрадан эл аралык милдеттенмелерин бузуп жатат. Кийинки сүйлөшүүлөр эртең пландалып жатат, андан кийин кененирээк маалымат берилет».

Эртең, 19-апрелде казак тарап менен эки өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын маселеси талкууланат. Кеңешме видеобайланыш аркылуу өтөрү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM